Сооронбай Жээнбеков умрага кетти. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Сооронбай Жээнбеков умрага кетти
Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөөсү менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетти. Бул тууралуу маалымат булактары өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков "Манас" аэропортунан Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.
Ал эми экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбеков умра сапарына кеткенин айтты.
"Сооронбай Жээнбеков Мекке шаарына кичи ажылыкка учуп кетти. Ал эртең менен жубайы менен Стамбулга учту, андан ары Сауд Арабиянын Жидда шаарына учушат.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бул сапарга Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу менен кетти. Сапар 2020-жылдын ноябрь айында пландаштырылган. Пандемияга байланыштуу зыяратчылардын санына чектөөлөр болгон жана милдеттүү түрдө чакыруу себеби менен эми кетти.
Чакыруу 2021-жылдын февраль айында келди. Кичи ажылык сапары 10 күндөн ашык убакытка созулат. Андан кийин Жээнбеков Бишкекке кайтып келет", - деди Стамалиева.
Эскерте кетсек, буга чейин октябрь айындагы окуяларда жаракат алгандар митингге чыгып, Башкы прокуратурага Жээнбековду митингчилерди күч менен таркатуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук бергендиги үчүн жана экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазышкан.
Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сунушталган өкмөттүн курамы каралды
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сунушталган өкмөттүн курамы каралды. Анда көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрлик орунга сунушталган Улукбек Марипов жаңы өкмөттүн курамын сунуштады. Ага ылайык, өкмөт мүчөлөрүнүн санын 22ден 16га кыскартуу каралууда.
- Премьер-министр — Улукбек Марипов;
- Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
- Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
- Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
- Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
- Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
- Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
- Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
- Юстиция министри — Асел Чынбаева;
- Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
- Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
- Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн жаңы курамын жактырып, парламенттин жалпы жыйынынын кароосуна жөнөттү.
Президент "өлкө үчүн 12 министр да көп" дейт
Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады. Президенттин айтымында, мурун кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен.
