super.kg logo

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 1896 адам бюджеттик гемодиализ процедураларын алышат

 

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 1896 адам бюджеттик гемодиализ процедураларын алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мурда өз каражаттарынын эсебинен диализ алып жаткан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар 205 бейтап бюджеттик диализге которулду. Бул бейтаптар өткөн жылдын июнь айынан бери кезекте турушкан.

"2021-жылдын 29-январында Саламаттыкты сактоо министрлигинде бюджеттик диализге бейтаптарды тандоо боюнча комиссия өттү, ага ылайык, эми алар мамлекеттин эсебинен кымбат баадагы кызматты акысыз алышат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 1896 адам бюджеттик гемодиализ процедураларын алышат, анын ичинен 1613 бейтап өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржыланган гемодиализ процедураларын алышат. Ал эми 283 бейтап мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу "Фрезениус Медикал Кеа" гемодиализ борборлорунда диализ алышат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Финансы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, каржылоо булагы аныкталганга чейин бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар 205 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөтүү өкмөткө караштуу ММК Фондунун республикалык бюджеттен 2021-жылга карата бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: