super.kg logo

СУПЕРСТАН: Жигит материалдык жактан кыздан өйдө болуусу керекпи? Сиз кандай ойдосуз?

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигит материалдык жактан кыздан өйдө болуусу маанилүүбү?" деген тема талкууга алынган.

Автордон: "Салам урматтуу форумчулар. Теманы ачканымдын себеби жакында менин бир тууган эжем турмушка чыккан атат. Чынында болочок жездебиздин жашоо-турмушу биздикине караганда бир топ ылдый экен. Бирок жашоону түшүнгөн тырышчаак жигит. Байкуш жездем биздин үйгө келсе эле өзүн ыңгайсыз сезген адаты бар. Негизи көп угам "жигит байлык жактан кызга караганда бир тепкич өйдө болгону жакшы" деп. Байлыктын мааниси кайын журтка кандай роль ойнойт?

Пикирлер: "Урматтуу айымдар капа болбойсуздар. Азыркы замандын кээ бир кыздары байлыгына кызыгып, жашына деле, сүйүүсүнө деле карабай тие беришет экен. Мен аны өз көзүм менен көрдүм, 8 аял алып кетирген 66-жылкы полковникке 1984 -жылкы аял турмушка чыккан, ал полковниктин байлыгына эле кызыкты болуш керек. Ошондо байлыктын мааниси чоң роль ойнойт го..."

"Эгер кыз өзүнүн байлыгын милдет кылбай, жигитти сүйүп турмушка чыкса, анда байлык жөнүндө маселе чыкпайт".

"Мен үчүн маанилүү эмес!"

"Негизи материалдык жактан өйдө болуусу керек го жигит".

"Бай болсоң да, кедей болсоң да 2 метр жерге барабыз баарыбыз. Эл катары болгону эле жакшы. Байлык бүгүн болсо, эртең жок да. Бирок азыр байлыгына карап кыз узатып калды окшойт. Жигиттерде да байдын кызына кызыккандар жок эмес. Илгеркиден калган сөз бекер айтылбаган го. Байдын кызын алып берем деп.

Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: