Тышкы иштер министрлиги Бишкек-Москва аба каттамы аптасына 6 жолу жүргүзүлөрүн кабарлады
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусияга үзгүлтүксүз түз аба байланыш аптасына 6 каттамга чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдайт."2021-жылдын 8-февралынан тартып Кыргыз жарандары Бишкек шаарынан Москвага "Авиа Траффик Компани" жана "Аэрофлот" авиакомпаниялары тарабынан жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз аба каттамдары менен уча алышат.
Үзгүлтүксүз аба каттамдарынын көбөйүшү Covid-19 илдетинин жаңы штаммын Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жол бербөө максатында алдын ала көрүлгөн чаралардан, жалпы эпидемиологиялык абал турукташкандыгынан улам ишке ашып жаткандыгын белгилейбиз", - дешти мекемеден.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен Москва-Бишкек аба каттамы аптасына 1 эмес, 3 жолу жүргүзүлөрүн кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6
6
Комментарийлер(1)
Belek1710
04.02.2021. 00:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
6 жолу учса жакшы болуптур, билеттин баасы 6 эсе арзандаса жакшы болот эле мурдагыдай кененирээк учуп калат эле чөнтөгү жука карапайым калк.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















