"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абаддагы базар чыры. "Соода жайын көчүрүү шаар тургундарынын талабы" дейт мэрия




SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылып, шаарда жайгашкан борбордук базарды мэрия башка жакка көчүрүп жатканын жана буга соодагерлер нааразы экенин айтып берген.
Ошондой эле алар шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, нааразычылык акциясын да уюштурушканын маалымдашкан.
Мындан улам SUPER.KG порталы Жалал-Абад шаардык мэриясы менен байланышып, окуянын чын-бышыгын сурады.
Жаңы базарга көчүрүүнү бул жерде соодагерлер туура эмес түшүнүп жатышат деген мекеменин маалымат катчысы Азамат Жээнбеков окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.
"Базардын көчүрүлүүсү боюнча эч бир тараптын кызыкчылыгы жок. Азыркы борбордук базар шаардын так ортосунда жайгашкан. Бул бүгүн пайда болгон маселе эмес. Буга чейин иштеп кеткен жетекчилер да ушул базарды көчүрүү боюнча демилге көтөрүп келишкен. Анын үстүнө шаар тургундарынын да базарды көчүрүү боюнча сунуштары бар. Алардын суранганынын себеби базар шаардын борборунда жайгашып, ал жерде жол тыгындары көп болот жана эч кандай унаа токтотуучу жай жок. Чынында бул кырдаал шаардыктарга өтө ыңгайсыздык жаратчу. Анын үстүнө базар үч жолу күйүп кеткен. Мындан улам базардын техникалык коопсуздук базасы да чың эмес деп айтууга болот. Айтылган көйгөйлөрдү эске алуу менен жаңы базар куруу азыркы замандын талабы. Мына ушулар негиз болуп, азыркы тапта башка жакта базар курулуп жатат. Ал жак бардык талаптарга жооп берет, унаа токтотуучу жай да бар.
Азыр базарда имарат курган адистер иштеп жатат. Мэриянын максаты шаардагы жол тыгынын болтурбоо жана соодагерлерге ыңгайлуу жай түзүп берүү. Борбордук базардын көп жерлери жеке тараптарга өтүп кеткен. Ал маселе да чечилип жатат. Негизи бул жерде соодагерлер туура эмес түшүнүп жатышат. Бүгүн соодагерлерди мэр кабыл алды. Алар азыр борбордук базарда иштей беришет, соодагерлерди мэрия бүгүн же эртең орундуктарынан кууп жиберип жаткан жок. Биз түшүнүү менен эле мамиле жасап жатабыз. Анткени аларды көчүрөт турган базар азыр бүтө элек. Соодагерлер жаңы базарга көчүп баргандан кийин да 6 айга чейин эч кандай жер салыгын төлөшпөйт", - деди маалымат катчы.
