Өзгөндө мал уурдап жүргөн топ Бишкекте качып жүргөн жерлеринен кармалышты
Ош облусунун Өзгөн районунда мал уурулук менен аракеттенген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2020-жылдын 9-10–ноябрга караган түнү Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын тургунунун 1 баш торпогун, ошол эле айылдын дагы бир тургунунун короосунан 8-ноябрга караган түнү 2 баш торпогун, 2021-жылдын январь айында дагы бир айыл тургунунун 16 баш койлору уурдалган. Ошондой эле кошуна айылдардан дагы койлор уурдалган.
Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иш-чаралардын алкагында кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарында издерин жашырып жүрүшкөн жеринен 12-февралда кармалды. Алар Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургундары 20 жаштагы А. уулу А. жана 22 жаштагы К. уулу Б. жана Өзгөн районунун тургуну 22 жаштагы Э.Б. аттуу жарандар.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүнкү күндө аталган шектүүлөр андан башка дагы 10 мал уурулук фактысына шектелүүдө, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


