Камакта жаткан Мелис Аспеков өзүнө карата кыйноо болгонун айтып чыкты. УКМКнын жообу





250 миң доллар пара талап кылган деп шектелип кармалып, камакта жаткан жарандык активист Мелис Аспеков өзүнө карата кыйноолор болуп жатканын айтып, Фейсбук баракчасына сүрөттөрүн илди.
Анда ал эки бутундагы көк ала тактарды көрсөтүп, Акт түзүлгөн.
Мелис Аспековдун билдирүүсүндө УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бекбосун Абсатаровдун тапшырмасы менен кыйноо болгонун, алар Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышканын айткан.
Ал арада УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат таратты.
"Активист Мелис Аспековдун УКМКнын тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ал сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталды.
Аспековдун өзүнүн айтымында, 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал эмне себептен денесине залал келгенинин себебин айтуудан баш тарткан. Ошондой эле УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан.
УКМК Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары баалайт. УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет", - деп жазылат маалыматта.






1 |