super.kg logo

"Уят эле уят дейсиңер". Назира Айтбекова "ачылганда" же Айтбекованын чуу жараткан сүрөттөрү

 

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова ачык сүрөттөрүн жарыялап, интернет айдыңында талкуу жаратты. Анын мындай сүрөттөрү коомду эки ажырымга бөлгөнүн жазылган комментарийлерден байкоого болот. Көпчүлүгү суктанып, Назира Айтбекованы эрки күчтүү, көз карандысыз айым деп алкаса, айрымдары акыл айтып, ыйманга чакырган пикирлерин жазышууда.

Алып баруучу мындай сүрөттөрүн кабыл албай жаткандарга жооп иретинде дагы бир пост чыгарды. Анда катнашка барган, зордуктаган, ала жипти аттаган уят, сүрөткө түшүү уят эместиги айтылат.

"Бизде, кыргыздарда уят кийимге эле бүткөн! Кийим кийип алып коррупция кылсаң уят эмес! Кийим кийип алып ууру кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң уят эмес! Кийим кийип алып каратып туруп калп айтсаң уят эмес! Кийим кийип алып сүрөтүн тартып алып, *екс сунуштаган уят эмес! Кийим кийип алып элдин, балдарыңардын келечегин 500-1000 сомго саткан уят эмес! Кийим кийип алып аялдарыңардын, эрлериңердин башын аттаган уят эмес! Кийим кийип алып киши өлтүргөн уят эмес!

Кийим кийип алып аялыңарды ур-токмокко алган уят эмес! Кийим кийип алып балдарыңарды, өз кызыңарды, туугандарыңардын балдарын зордуктаган уят эмес! Кийим кийип алып бирөөнү зордуктап коюп кетип калган уят эмес! Бала жасап коюп, алименттен качып жүргөн уят эмес!", - деп жазат.

Буга чейин Назира айым бөдөнө тумшук мамагы менен талкууга алынган эле.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(38)
08.12.2021. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Фотограф Ким болсода жыргады окшойт)))
08.12.2021. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
poping.dance,илгери баланы тый деп апасына айтчу элек. Назиранын баласына айтып койгулачы апаны тый деп
08.12.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Уят эч нерсе деле көргөн жокмун. Баягы эле адамдын жүзү. Баарында эле колу,буту, төшү, саны бар, бармагы, чыпалагы, табарсыгы бар. Баары укмуштуудай керемет. Жашоо керемет.
Ашынган дин баштар эми айкыра бергиле.
alimbek94 түзөттү 2021-12-08 11:36:06
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: