Кайра шайлоо. 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты
Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 3 арыз түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын сайтына жарыяланды.
БШКга төмөнкү талапкерлер арыз беришти:
- Мотуев Нурдин Аманканович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
- Хасанов Дильшат Ибрагимович, № 29 Свердлов шайлоо округу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
- Кутбидинов Азизбек Камчыбекович, № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
Буга чейин Аматов Рысбай Аматович (№ 27 Биринчи Май шайлоо округу), Ибраймакунов Данияр Омурбекович (№ 29 Свердлов шайлоо округу), Эргешов Казыбек Кочкорович (№ 29 Свердлов шайлоо округу) жана Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович (№ 27 Биринчи Май шайлоо округу) Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

