super.kg logo

Орусиялык ырчы МакSим кызыктай жүрүм-туруму боюнча билдирүү жасады (видео)

 

Орусиялык ырчы МакSим Тверь шаарында өткөн жеке концерти боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ырчы айым Instagram баракчасына жазып чыкты.

"Мен баарынан ызы-чуу жана нааразычылыктарды токтотууну суранам. Биз, баарыбыз өз ишибизге күйгөн, кандай учурда жакшы болорун билип туруп башкаларды угууну каалабаган адамдарбыз.

Менде баары жакшы. Мен жакында боло турган концерттеримди жылдырууну чечтим, учурда жаңы даталар макулдашылып жатат.

Жакында Тверь шаарында өткөн концерт дарылануу менен бүтүндөй өзүңдү арнай турган жумуш бири-бирине дал келбей тургандыгын көрсөттү. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат", - деген ал.

Ырчы билдиргендей, анын 9-апрелде Ижевск шаарында, 15 жана 21-апрелде Екатеринбург жана Москвада өтө турган концерттери жылдырылды. Бирок эң кызыгы концерттик аянтчалардын кассасына иш-чаранын жылып кеткендиги тууралуу эч кандай расмий кат келген эмес. Ошондуктан жогорку күндөргө белгиленген билеттер активдүү сатылып жаткандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, Тверь шаарында өткөн МакSим`дин жеке концертинде ал ырларынын сөзүн унутуп, нотага түшпөй, сахнада араң кыймылдап, көбүнчө микрофонду күйөрмандарына сунуп турган. Аталган концерттен кийин күйөрмандары менен боло турган жолугушуусу дагы өткөрүлбөй калганы ырчынын күйөрмандарынын тынчын алган.






Орусиялык ырчы МакSим Тверь шаарында өткөн жеке концерти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: