super.kg logo

"Бир саат тамак ичет, бир саат тамеки чегет". Президент жаңы Ак Үйдү куруп жаткандарды сындады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда Бишкектин түштүк-батыш тарабында мурдагы "Ысык-Көл мейманканасынын ордуна салынып жаткан жаңы Ак Үйдүн курулушу жай жүрүп жатканына нааразы болду. Мамлекет башчысы бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектелген 265 даана атайын техниканы тапшыруу аземинде айтты.

"Октябрда саммит өтөт, сентябрга чейин бүтөбүз деген планыбыз бар эле. 400дөн ашуун кыргыз жигиттери иштеп жаткан. Аман эле бололу, бир күндө 8 саат иштеш керек болсо анын 5 эле саатын иштейт. Ишемби күнү да иштеш керек болсо, ал күнү жок, айрымдары дүйшөмбү күнү да келбей коёт. 5 саат иштегени эртең менен иштеп баштайт дагы 1 саат түштөнөт, бир саат телефон чукулайт, бир саат тамеки чегет. Чет өлкөлүк бир күндө жасаган ишти, кыргыздар бир жумада да бүтүрө албай жатабыз", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал Асман шаарын курууга Дубайдан учуп келген 800дөй курулушчуну сентябрга чейин жаңы өкмөт үйүн бүтүрсүн деп Бишкекте алып калышканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, министрликтин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техникалар кирет.






Видео: Президенттин басма сөз кызматы

Видео: Президенттин басма сөз кызматы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: