super.kg logo

"Бүктөлгөн кагаздай". АКШда торнадодон улам дары чыгарган завод талкаланды (видео)

 

АКШнын Түндүк Каролина штатында катуу торнадо катталып, "Pfizer" дары чыгарган заводу талкаланды. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, торнадо саатына 217 километрге жетип, дары чыгаруучу заводду жана жол боюндагы бир нече имаратты талкалаган. Видеодон байкалгандай, заводдун чатыры талкаланып, унаа токтотуучу жай урандыга толуп калган.

"Заводдогу 50 миңден ашык текчеде коюлган дарылар жараксыз болуп калган, бирок бир дагы кызматкер олуттуу жаракат алган жок", -деп билдирген Pfizer дары чыгарган заводу.

Ал эми фармацевтикалык компания бир дагы кызматкери жабыркабагандыгын билдиргени менен АКШнын расмий өкүлдөрү 30 мүнөткө созулган торнадодон 16 адамдын жаракат алганын маалымдаган.

Эске салсак, Pfizer дары өндүрүүчү компаниясы дүйнөдөгү эң чоң фармкомпаниялардын катарын толуктайт. Анда бардык стерилдүү эритмелердин төрттөн бир бөлүгү өндүрүлөт.






АКШда торнадодон улам дары чыгарган завод талкаланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: