Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт
21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта катышат:
Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 58, 64, 71, 79, +79 килограмм;
Эркектер арасында эркин жана классикалык стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 килограмм.
Белгилей кетсек, мелдеш 21-февраль күнү саат 10:00дө башталып, ал эми саат 13:00дө салтанаттуу ачылыш аземи болот.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














