super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте самбо боюнча эл аралык турнир өттү

 

Бишкекте самбо жана дзюдо боюнча Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси жана Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 9-11-февраль күндөрү өткөн мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 12 жаштан 17 жашка чейинки 500дөн ашык спортчу катышты.

Турнирдин максаты - Кыргызстанда самбонун өнүгүшүн жайылтуу жана спорт чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу, КМШ республикаларынын спорттук командалары менен достук мамиле түзүү болуп саналат.

Жеңүүчүлөргө Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Самбо федерациясы тарабынан кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Мелдешти Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы Самбо федерациясы жана Бекболот Рахатбеков атындагы спорт клубу менен биргеликте уюштурду.

Белгилей кетсек, Бекболот Рахатбековдун элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнир 2013-жылдан бери он биринчи жолу өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: