"Абдыш-Атага" каршы ойной турган атактуу футболчуга эл аралык издөө жарыяланды
Москванын "Спартак" футболдук клубунун нидерландиялык чабуулчусу Квинси Промеске эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Футболчуну эл аралык издөөгө алуу чечимин Амстердам соту чыгарган.
Буга чейин Промес баңгизат аткезчилиги үчүн алты жылга, аталаш тууганы менен адам бычактоого катышканы үчүн бир жарым жылга эркинен ажыратылган. Жалпы жаза мөөнөтү 7,5 жыл.
Учурда Квинси Промес "Спартак" клубу менен чогуу БАЭде окуу-машыгуу жыйындарында жүрөт. Кечээ, 15-февраль күнү "Кайрат" клубу менен болгон жолдоштук беттеште Квинси Прмес 2 гол киргизген.
Буга чейин Канттын "Абдыш-Ата" клубу Дубай шаарында "Спартак" клубуна каршы жолдоштук беттеш өткөрөрүн клубдун басма сөз кызматы билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.