super.kg logo
  Спорт  

Камчыбек Ташиев "Барселонанын" 16 жаштагы оюнчусу Ламин Ямалды мисалга алды

 

Кыргыз футбол союзуна президент болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү.

Анда Ташиев улуттук курама командадагы жаш футболчуларды дагы алуу керектигин айтып жатып, каталондук "Барселона" клубунун чабуулчусу Ламин Ямалды мисалга алды.

"Барселонада" 16 жаштагы Ямал деген футболчу бар. Эми 16 жаштагы бала тимеле кандай сонун жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Ошондуктан биз жаш балдарыбызды улуттук курамга алып келишибиз керек.

Мен дагы бир жолу белгилеп кетейинчи, улуттук курамада болуш үчүн футболчу толук даяр болушу керек. Ал физикалык жактан да, моралдык жактан да даяр болушу керек. Ал жөн эле талаага чыгып алып өзүнүн дагы, биздин дагы убактыбызды албай, берилгендик менен команданы коргошу керек. Эми андай болбойт", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: