Карим Бензема өзбекстандык клуб үчүн гол киргизип берди (видео)
Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема Азия чемпиондор лигасынын алкагындагы беттеште автогол киргизди.
"Аль-Иттихад" турнирдин 1/8 финалдык баскычында коңшу өзбекстандык "Навбахор" клубун өз үйүндө кабыл алды. Беттештин 25-мүнөтүндө айып соккудан көтөрүлгөн топту Карим Бензема өз дарбазасына башы менен киргизип алды.
Оюн 2:1 эсебинде "Аль-Иттихад" клубунун жеңиши менен аяктап, команда 1/4 финалга чыкты.
Белгилей кетсек, француз чабуулчусу 15-декабрдан бери атаандаштарына гол киргизе элек.
Бензема өзбекстандык клуб үчүн гол киргизди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.