Бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 22-февралда бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиондугу жыйынтыкталды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.
Эске салсак, бел боо күрөшү боюнча өлкө биринчилиги 21-февраль күнү башталган. Мелдеште күрөштүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча беттештер болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.