super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко TUF 32 машыктыруучусу болуп дайындалды

 

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко менен америкалык Алекса Грассо 4-июнда баштала турган кезектеги The Ultimate Fighter реалити-шоусунун машыктыруучусу болот. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айында TUF 32де жеңил салмактагы жана орто салмактагы мушкерлер күч сынашат деп жарыяланган. TUFтин отуз экинчи сезону ESPN каналында 4-июнда көрсөтүлүшү керек. Машыктыруучулук беттештин убактысы айтыла элек жана сезондун аягында белгилүү болот.

Дал ушул Алекса Грассо менен Валентина Шевченко буга чейин эки жолу беттешкен. Өткөн жылдын март айында эки мушкер алгачкы жолу беттешип, анда Грассо сенсациялуу жеңишке жеткен. Андан кийин мушкерлер август айында кайра реваншка чыгып, беттеш тең чыгуу менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: