super.kg logo
  Спорт  

"Мурзаев, Алыкулов, Шүкүров жок". Ак шумкарлардын курамы жарыяланды (тизме)

 

Кыргыз футбол союзу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы футбол боюнча улуттук кураманын тизмесин жарыялады. Анда 2026-жылы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында өтө турган Кытайлык Тайбэйге каршы оюндарга карата өлкө командасынын курамы бекитилген.

Маалыматка караганда, кыргыз курамасына 28 оюнчу чакырылган. Алар 16-марттан тарта алдыдагы оюндарга болгон даярдыгын Гаосюн шаарында баштайт.

"Кими Мерк жана Айзар Акматов Азия Кубогу- 2023түн алкагында Кыргызстан-Сауд Арабия беттешинде кызыл айып кагаздарын алып калгандыгы үчүн биринчи беттешти өткөрүп жиберишет. Эрбол Атабаев болсо өз клубунун программасынан кийин курамага экинчи оюн алдында келип кошулат", - деп айтылат маалыматта.

Команданын курамы төмөндөгүдөй:

Дарбазачылар:

  • Токотаев Эржан (Шанлиурфспор, Түркия);
  • Чомоев Султан (Дордой);
  • Алыбеков Дастан (Нефтчи).

Коргоочулар:

  • Кичин Валерий (Эне-Сай, Орусия);
  • Козубаев Тамирлан (Истерн, Гонгконг);
  • Браузман Християн (Абдыш-Ата);
  • Узденов Магамед (Абдыш-Ата);
  • Шамурзаев Амантур (Абдыш-Ата);
  • Дациев Саид (Дордой);
  • Мищенко Александр (Дордой);
  • Таалайбек уулу Бактай (Мурас Юнайтед).

Жарым коргоочулар:

  • Мерк Кай (Юнион Титус Петанж, Люксембург);
  • Абдурахманов Одилжон;
  • Зарыпбеков Эльдияр (Чайка, Орусия);
  • Амангелдиев Бектур (Нагаворд, Камбоджа);
  • Кадыржанов Адиль (Дордой);
  • Кенжебаев Эрмек (Славия Мозырь, Беларусь);
  • Ахмедов Муролимжон (Дордой);
  • Мерк Кими (Пахтакор, Өзбекстан);
  • Сталбеков Нурдөөлөт (Алай)
  • Алмазбеков Бекназ (Галатасарай, Түркия);
  • Джумашев Атай (Абдыш-Ата);
  • Жапаров Амир (Мурас Юнайтед)"
  • Атабаев Эрбол (Волгарь, Орусия);

Чабуулчулар:

  • Орунтаев Нурислам (Илбирс);
  • Артыкбаев Ырыскелди (Дордой);
  • Кожо Жоэл (Динамо Самарканд, Өзбекстан);
  • Мурзахматов Марлен (Дордой).


Кыргыз курама командасы Кытайлык Тайбэйге каршы 21 жана 26-март күндөрү беттеш өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: