super.kg logo

Казакстандын шаарына өспүрүмдүн резонанстуу өлүмүнөн кийин Улуттук гвардия кирди

 

Коңшу Казакстандын Талгар шаарына 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин коомдук тартипти сактоо боюнча патрулдук кызматты аткаруу үчүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Улуттук гвардиясынын өздүк курамы алынып келинди. Бул тууралуу Tengrinews порталы 14-октябрда ведомствонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

"Учурда Алматы облусунун Талгар шаарына Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнөн өздүк курам патрулдук кызматты аткаруу үчүн тартылды", - деп билдирген казак министрлиги.

Талгар – Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Алматынын чет жакасындагы шаар.

Кеп 4-октябрда болгон адам өлтүрүү тууралуу болуп жатат. Ошол күнү жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.

Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.

12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.

Алматы облусунун прокуратурасы кылмышка шектелип жети адам кармалганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: