super.kg logo

Рамзан Кадыров Бетербиев-Бивол беттеши боюнча билдирүү жасады

 

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун талаштуу беттешинен кийин билдирүү жасады.

Өзүнүн Телеграм каналына жазган билдирүүсүндө Кадыров Бетербиевди жеңиши менен куттуктап, биринчи эки раундда эле баары түшүнүктүү болгонун кошумчалады.

"Артур муну жасады, достор! Ал биринчи абсолюттук дүйнөнүн жарым оор салмактагы чемпиону болуп калды! Бул тарыхый жеңиши менен ал бүткүл чечен элине белек жасады. Ал өз элинин намысы үчүн рингди коргоп, атын алтын тамгалар менен өткөндүн, азыркынын жана келечектин эң мыкты, эч кимден кем калбаган мушкерлеринин тизмесине жазылды. Мен Эр-Рияддагы эң маанилүү окуяга жеке күбө болгондугума кубанычтамын.

Бетербиевдин карьерасындагы эң маанилүү беттеши артта калды. Жеке мен үчүн биринчи эки раунддан кийин баары түшүнүктүү болду. Дал ушул эки раундда Артур рингдин ээси ким экенин көрсөттү", - деп жазды Кадыров өзүнүн Телеграм каналына.

13-октябрга караган түнү Эр-Риядда өткөн беттештен кийин Бетербиев алты чемпиондук курдун ээси болду - WBA, WBO, WBC, IBF, IBO, жана The Ring. Ал эми Бивол карьерасындагы биринчи жеңилүү ызасын тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2024. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Араптарды ушул беттешке кошуп сатып алдым деп ачык эле айта берда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: