super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Шахматчы Элдияр Орозбаев Дүйнө кубогу-2025 мелдешине катышат

 

Бүгүн, 28-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев шахмат боюнча абсолюттук чемпион, эл аралык устат Элдияр Орозбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жолугушууга улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Эсенбек Базакечов жана улук машыктыруучу Сардарбек Нурдин уулу да катышты.

Спорт агенттигинин директору Элдияр Орозбаевге ийгилик каалап, 31-октябрдан 27-ноябрга чейин Индиянын Гоа шаарында өтө турган Дүйнө кубогу-2025 мелдешинде татыктуу оюн көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Элдияр Орозбаевдин Дүйнө кубогуна катышуусу үчүн агенттик тарабынан 100 000 сом каражат бөлүндү.

Эске салсак, быйыл Элдияр Орозбаев тарыхта биринчи жолу шахматтын үч түрү боюнча – классика, рапид жана блиц – эркектер арасында Кыргызстандын абсолюттук чемпиону аталды. Ошондой эле учурда үч тайм-көзөмөлдүн тең ФИДЕ рейтингинде Кыргызстандын эң мыкты шахматчысы болуп саналат.

2024-жылы Элдияр Орозбаев Москва шаарында өткөн эл аралык турнирде чемпион болуп, гроссмейстер наамынын биринчи нормасын аткарган. Азыркы тапта анын рейтинги 2375 Elo баллды түзөт. Гроссмейстер наамын алуу үчүн дагы эки норманы аткарып, 2500 Elo көрсөткүчүнө жетүү зарыл.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: