"Ортодон төмөн деңгээлде". Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшүнүн учурдагы абалы боюнча айтты (видео)
Пекин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев учурдагы грек-рим күрөшүнүн абалы боюнча суроолорго жооп берди.
"Учурда грек-рим күрөшүнүн абалы ортодон төмөн деп айта алам. Буга акыркы жыйынтыктар жакшы болбой жатканы себеп. Менимче, бул жерде жалпы Федерацияны же өкмөттү күнөөлөгөн туура эмес. Үй ичинде чечилчү маселе эле, резонанс болуп кетти. Коомчулукту да ар канда ойлорго салды", - деди Бегалиев.
Ал эми машыктыруучулар боюнча Бегалиев алардын ичинде таарыныч бардай сезилип жатканын айтты.
"Ар бир машыктыруучу 3-4 бала алып эле залдарда, эч кимди киргизишпейт. Ушул балдар менен эле иштейм дегенди колдобойм. Машыктыруучулардын баарынын башы биригиш керек. Анткени олимпиадага аз эле убакыт калды. Бул убакыттын ичинде жетишпей дагы калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ынтымакка чакырам", - деп билдирди ал.
Ошондой эле Бегалиев машыктыруучуларды сынабай, тескерисинче, аларга жардам берүүнү сунуштады. Ал өлкөдө мыкты машыктыруучулар көп экенин баса белгилеп, баарын бир залда биригүүгө чакырды.
"Балдарды дагы келтирбегенге аракет кылып жатышат. Ар бир машыктыруучуда кызганыч болот, мен машыктыруучу эмесмин. Бирок жардам бергенге даярмын, бекер деле иштеп берем. Балдар ийгиликке жетсе, ошол наамдарды машыктыруучулар деле алат. Келгиле, ынтымакта Олимпиада чемпионун чыгаралы", - деп сөзүн жыйынтыктады Бегалиев.
Белгилей кетсек, Канатбек Бегалиев 2008-жылы Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген. Ошондой эле Кыргызстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу.
Канатбек Бегалиев: "Грек-рим күрөшүнүн абалы ортодон төмөн"
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















