super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Австралиялыктарга күн сайын 3 саат акысыз электр энергиясы берилет

 

Австралияда "Күн энергиясын бөлүшүү" аттуу улуттук программа ишке киргизилип, жарандарга күн сайын 3 саат акысыз электр энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, программа 2026-жылдын 1-июлунан тарта Жаңы Түштүк Уэльсте, Түштүк-Чыгыш Квинслендде жана Түштүк Австралияда башталып, бир жылдан кийин бүткүл өлкө боюнча жайылтылат.

Акысыз энергияны алуу үчүн үйдө же батирде сөзсүз акылдуу эсептегичтер орнотулушу керек, ал эми жеке күн панелдеринин болушу милдеттүү эмес. Учурда Австралияда 4 миллионго жакын үй-бүлөдө күн панелдери бар. Жаңы схемага ылайык, энергия камсыздоочулар жарандарга күндүн эң активдүү маалында өндүрүлгөн ашыкча энергияны берүүгө милдеттендирилет. Айрым компаниялар, мисалы, AGL жана Red Energy - ушул сыяктуу сунуштарды мурда эле берип келген, эми программа бул мүмкүнчүлүктү өлкө боюнча бирдей стандартташтырат.

Өкмөттүн айтымында, жарандар бул сааттардын пайдасын толук колдонуу үчүн электр энергиясын көп сарптаган иштерди: кир жуугуч, идиш жуугуч машиналарды иштетүүнү, кондиционерлерди колдонуу же электромобилдерди кубаттоону күндүзгө жылдыруусу зарыл. Бул өзгөрүү кечки убактагы жүктү азайтып, электр энергиясынын жалпы баасын төмөндөтүүгө жана экологияга оң таасир берүүгө жардам берет. Австралия 2030-жылга чейин электр энергиясынын 82 пайызын жаңылануучу булактардан алуу максатын койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: