Түндүк Кореянын мектептеринде орус тили милдеттүү түрдө окутулат
Түндүк Кореянын мектептеринде орус тили 4-класстан баштап милдеттүү предмет катары окутула баштайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Түндүк Кореяда орус тили 4-класстан баштап милдеттүү тил болуп киргизилди. Ал эми Орусияда учурда 3 миңден ашык окуучу корей тилин үйрөнүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү корей тилин экинчи же үчүнчү чет тили катары окушат", — деди Орусиянын жаратылыш ресурстары жана экология министри Александр Козлов.
Анын айтымында, эки өлкө кошумча билим берүү тармагында да активдүү кызматташууда. Банк кызматкерлери, энергетиктер, дарыгерлер, геологдор үчүн атайын окуулар уюштурулуп келет.
"Мисалы, быйыл 29 кореялык геолог Орусиянын геологиялык мекемелеринин базасында окуудан өттү. Алар издөө жана чалгындоо иштерин, лабораториялык анализдердин ыкмаларын, картографияны, маалымат базалары менен иштөөнү үйрөнүштү", — деди ал.
Ал белгилегендей, Түндүк Кореяда орус тили салттуу түрдө эң популярдуу үч чет тилинин катарына кирет. Учурда өлкөдө болжол менен 600 адам орус тилин үйрөнүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















