Трамп үчүнчү өлкөлөрдөн миграцияны токтоторун жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн мигранттардын АКШга киришин түбөлүккө токтотуу тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында билдирди.
"АКШнын системи толук калыбына келиши үчүн бардык үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн миграцияны туруктуу токтотом… Өлкө жараны эмес адамдарга берилген бардык федералдык жеңилдиктерди жана субсидияларды токтотом",- деп жазды ал.
Трамп ошондой эле коомго жүк болгон, коопсуздукка коркунуч жараткан же батыш цивилизациясына туура келбеген бардык чет өлкөлүктөрдү АКШдан чыгарууга убада берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:39
2025-12-18
14:58
2025-12-18
12:29
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















