Трамп Ирандын жаңы лидерин тандоого жеке өзү катышышы керектигин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын кийинки лидерин шайлоого жеке өзү катышышы керектигин билдирди. Бул тууралуу Трамп Axios телеканалына берген маегинде айткан.
Анда АКШнын лидери өлтүрүлгөн Ирандын маркум лидери Али Хаменеинин мураскери анын уулу Можтаба Хаменеи экенин моюндаган. Бирок америкалык лидер аны татыктуу лидер катары көрө албастыгын белгилеген.
"Алар убакытты текке кетирип жатышат. Хаменеинин уулу эч ким эмес. Мен лидерди дайындоого катышышым керек. Хаменеинин уулу мен үчүн лидер катыр кабыл алынбайт. Бизге Иранга тынчтык алып келе турган адам керек",- деген Трамп.
Буга чейин айрым чет элдик басылмалар, Можтаба Хаменеини Ирандын жаңы лидери болуп шайланганын жазышкан.
Эске салсак, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШнын жана Израилдин аба соккуларынын натыйжасында каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















