super.kg logo
  Саясат  

Төрага Марлен Маматалиев Таласка иш сапары менен барды

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 6-мартта Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул боюнча парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алгач төрага улуттук "Манас Ордо" комплексине зыярат кылып, андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.
"Өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктаса, келген зыяратчылардын, туристтердин санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү анык. Бул өз кезегинде облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жардамчы болуп, аймактын экономикалык өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет",- деди төрага.
Маматалиев реконструкциялоо иштерин Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалганын айтып, мерчемделген жумуштарды өз убагында, сапаттуу кылып жасоого чакырды.
Маалымат үчүн: Аталган жай 1995-жылы "Манас" эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин "Манас Ордо" комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага "улуттук" деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган. Учурда да кошумча имараттар курулуп, жаңылоо иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: