8-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Синоптиктер билдиргендей, эртең, 8-июнда Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14... +19, күндүз +30... +35;
- Талас жергесинде түнкүсүн +11... +16, күндүз +27... +30;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14... +19, күндүз +31... +36;
- Нарын аймагында түнкүсүн +8... +13, күндүз +21 .. +26;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8... +13, күндүз +18 .. +23.
Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн +16... +18, күндүз +28 .. +30 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:22
2026-06-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















