Ташиев каматкан мурдагы вице-мэр акталды
Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев акталды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, ал шаардык соттун 5-июндагы өкүмү менен Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөсүз деп табылган.
Эске салсак, ал былтыр июлда кармалган. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин Туңгуч кичи районунун тургундары менен жолугушууда Ырсалиевге карата көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы жерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келе жатат деген айыптоо айтылган. Ташиев ошол жерден аны камакка алууну буйрук кылган.
Көп өтпөй Жамалбек Ырсалиев мамлекетке 2,9 миллион сом зыяндын ордун толтуруп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















