super.kg logo

Иран менен Израилдин ортосунда чыңалуу күчөдү

 

Иран Израилдин түндүк аймагына карай бир нече ракета учурду. Израилдин Коргоо армиясы абадан коргонуу системдери бардык ракеталарды тосуп калганын билдирди.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Иран бул чабуулдар акыркы эместигин эскертип, дагы ракета жана дрон соккулары улана турганын маалымдады. Тегеран Израилди Бейруттагы соккулар үчүн айыптап, "кызыл сызыктан өттү" деп билдирди.

Өз кезегинде Израил Ирандын аракетин "олуттуу ката" деп атап, жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. Көп өтпөй Израилдин аскердик-аба күчтөрү Ирандын батыш жана борбордук бөлүктөрүндөгү аскердик объекттерге сокку урганын маалымдады.

АКШ президенти Дональд Трамп кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Израилди жооп берүүдөн карманууга чакырып, ал эми Иранды сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга үндөдү.

Учурда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чыңалып, тараптардын ортосундагы жаңжалдын мындан ары күчөшү мүмкүн экени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: