Дастан Бекешев кытайлыктар тууралуу айтылган кептерге тактоо киргизди
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө Кытай жарандары кыймылсыз мүлктөрдү көп сатып алып жатканы тууралуу айтылган кептерге тактоо киргизип, статистиканы жарыялады.
Ал Мамлекеттик кадастрдын расмий маалыматтарын карап чыкканын билдирди.
"2025-жылы жана 2026-жылдын 1-чейрегинде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда жалпысынан 2408 кыймылсыз мүлк сатып алышкан. Эң көп сатып алгандар:
- Орусия жарандары - 1 238.
- Казакстан жарандары - 424.
- Кытай жарандары - 311.
- Түркия жарандары - 145.
- Германия жарандары - 56.
"Демек, Кытай жарандары биринчи эмес, үчүнчү орунда турат. 2025-жылы Кыргызстанда кыймылсыз мүлк боюнча 62 миңден ашык сатып алуу-сатуу келишими катталган. Кытай жарандарынын бүтүмдөрү жалпы рыноктун болжол менен 0,44 пайызын гана түзөт. Ошондуктан "кытайлар баарын сатып алып жатат" деген пикир расмий маалыматтар менен ырасталбайт. Бирок бул мамлекет көз жумуп турушу керек дегенди билдирбейт",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:22
2026-06-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















