ИИМ жарандарды чет өлкөгө жумушка чыгууда сак болууга чакырат (видео)
ИИМ чет өлкөгө жумушка кетүүнү пландап жаткан жарандарды алдамчы агенттиктердин тузагына түшүүдөн сак болууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
"Социалдык тармактарда оңой акча табууну сунуштаган жумушка орноштуруучу компаниянын лицензиясын жана мыйзамдуу ишмердүүлүгүн алдын ала текшериңиз. Жумуш графиги, эмгек акысы жана жашоо шарттары тууралуу толук маалымат алыңыз. Эгерде жумуш сунуштаган агенттик шектүү көрүнсө, кеңсеси жок болуп, онлайн же коомдук жайларда гана кызмат көрсөтсө, ички иштер органдарына же Бишкек жана Ош шаарларындагы Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз",- деп билдирди ИИМ.
Чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу агенттиктердин тизмесин migrant.kg сайтынан текшерсе болот.
ИИМ чет өлкөгө жумушка чыгууда сак болууга чакырат
0

Супер-Инфо
super.kg видео















