"Жаңы конуш кут болсун!". Ошто 543 батирлүү ипотекалык комплекс пайдаланууга берилди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман Резиденс-1" турак жай комплексин ачып, жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Мамлекет башчысы турак жай маселеси өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгилеп, учурда мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу Кыргызстан боюнча 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Ош облусунда 2044 батирлүү үч турак жай комплекси, ал эми Ош шаарында жалпысынан 5518 батирлүү төрт комплекс курулуп жатат.
"Асман Резиденс-1" комплекси 8 блоктон турган 12 кабаттуу заманбап турак жай болуп саналат. Анда жалпысынан 543 батир бар. Комплексте жер астындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана башка керектүү инфраструктуралар каралган.
Президент ошондой эле Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына онлайн форматта катышты. Долбоордун биринчи этабында 225 батир пайдаланууга берилсе, жыл соңуна чейин дагы 225 батирдин курулушу аяктайт.
Эске салсак, ушул эле күнү Кара-Сууда 225 батирлүү ипотекалык үйлөр да пайдаланууга берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















