Парламентте чет өлкөлүктөргө сатылып жаткан мүлктөр тууралуу маселе айтылды
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 8-июндагы жыйынында депутат Улугбек Ормонов чет элдик жарандар айыл чарба багытындагы жерлерге үйлөрдү куруп алышкан учурлар бар экенин айтты.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов чет өлкөлүккө сатылган жер үстүндөгү мүлк анын атына катталарын, бирок жер тилкеси 49 жылга ижарага берилерин айтты.
Ал кошумчалагандай, айыл чарба багытындагы жерлер болсо чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт. Чет өлкөлүктөр калктуу конуштан жана курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерден гана мүлк ала алышат. Эл өкүлү бирок айыл чарба багытындагы жерлер чет элдиктерге ижарага берилип жаткан учурлар бар экенин айтты.
Парламентте чет өлкөлүктөргө сатылып жаткан мүлктөр тууралуу маселе айтылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















