Бишкектеги 70 жылдык тарыхы бар спорт академиясы жаңыланат
Бишкек шаарындагы Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы толук реконструкциядан өтүп, анын аймагында ири курулуш иштери башталды. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жатат. 7-июнда курулуш иштеринин жүрүшү менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жеринен таанышты.
Министрдин айтымында, объект олимпиадалык стандарттарга ылайык курулуп жаткандыктан, иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулат.
Реконструкциянын алкагында совет мезгилинен бери пайдаланылбай келген бассейн кайра калыбына келтирилип, үстү жабылган заманбап спорт комплексине айландырылат. Мындан тышкары академиянын стадиону капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Ошондой эле жаңы окуу корпустары, кең аудиториялар, кийим алмаштыруучу жайлар жана санитардык-техникалык бөлмөлөр курулуп, аймак толугу менен көрктөндүрүлөт. Долбоордо заманбап инженердик коммуникацияларды тартуу дагы каралган.
Учурда объектте эски имараттарды бузуу жана даярдык иштеринин алгачкы этабы жүрүп жатат.
Бишкектеги 70 жылдык тарыхы бар спорт академиясы жаңыланат
0

Супер-Инфо
super.kg видео















