super.kg logo

Бишкекте 900 орундуу заманбап мектеп курулууда

 

Бишкек шаарынын Түштүк-пландоо зонасында 900 орунга ылайыкталган жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда жана республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган. Жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, ашкана жана кампасы, ошондой эле заманбап спорт зал каралган.

Учурда курулуш аянтында 70тен ашуун жумушчу иштеп, иштер графикке ылайык жүрүүдө. Долбоор министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болуп, сапатка өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле имараттын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында күн панелдерин орнотуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Бул долбоор Бишкектеги билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган маанилүү социалдык объекттердин бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: