Баткенде ири өлчөмдөгү баңгизаттын аткезчилигине бөгөт коюлду (видео)
Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу 9-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, милицияга Тажикстандан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды Баткен аркылуу Өзбекстанга аткезчилик жолу менен өткөрүүгө даярданып жаткан уюшкан топ тууралуу маалымат түшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын айдоочусу, 1987-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда салмагы 9 килограмм 908 грамм 8 миллиграмм болгон гашиш табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Баткенде ири өлчөмдөгү баңгизаттын аткезчилигине бөгөт коюлду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:22
2026-06-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















