super.kg logo

Бонндогу климаттык сүйлөшүүлөр: Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн үнүн жеткирди

 

Германиянын Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын көмөкчү органдарынын 64-сессиясы башталып, ага дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүнөн делегаттар катышууда. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеп барды. Ал Тоолуу өлкөлөр тобунун төрайымы катары сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыркаган тоолуу мамлекеттер үчүн климаттык каржылоону, жаңы технологияларды жана табигый кырсыктарды алдын ала эскертүү системдерин жеткиликтүү кылууга чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө мөңгүлөрдүн эриши, криосферанын деградациясы, суу жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери талкууланды. Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык демилгелерин сунуштап, гляциолог адистерди даярдоо жана мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Эксперттердин маалыматына ылайык, эгерде дүйнөдөгү орточо температура 2100-жылга чейин 2,7 градуска жогоруласа, Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсү толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, Бонн конференциясы Түркиянын Анталия шаарында өтө турган COP31 саммитине даярдыктын маанилүү баскычы болуп саналат. Конференциянын алкагында климаттык каржылоо, адаптация, энергетикалык өтүү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ондогон сүйлөшүүлөр өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: