super.kg logo

Арслан Койчиев КМШ форумунда гуманитардык кызматташтык тууралуу сүйлөдү

 

Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форумунун пленардык жыйыны өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты.

Өз сөзүндө ал катышуучуларды өлкө жетекчилигинин атынан куттуктап, бул форум маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты бекемдеп, Евразия мейкиндигинде гуманитардык диалогду өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик катчы ошондой эле КМШнын 35 жылдыгы жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесинин маанисине токтолду.

Ал Кыргызстанда ишке ашып жаткан «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» доктринасы тууралуу айтып, туруктуу өнүгүүнүн негизи руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктар экенин баса белгиледи. Ошондой эле үч негизги багытты атады: улуттук мурасты сактоо менен дүйнөгө ачык болуу, муундар ортосунда тажрыйба алмашуу жана маданият менен илимди гуманитардык дипломатиянын негизги куралы катары өнүктүрүү.

Сөзүнүн аягында Арслан Койчиев КМШ өлкөлөрүн жаштар илимин колдоого, маданий мурасты санариптештирүүгө жана чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: