Өзгөн районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары уланууда
Бүгүн, 9-июнда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жарандар менен жолугушуусу Өзгөн районунун Кароол, Баш-Дөбө жана Дөң-Булак айыл аймактарында улантылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер каралып, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери жарандардын суроолоруна жооп берип, түшүндүрмөлөрдү беришти.
Ошондой эле жарандардын арыз-даттануулары жеринде кабыл алынып, аларды ыкчам жана натыйжалуу кароо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Жолугушуу учурунда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 7 кайрылуу катталып, жарандарга түшүндүрмөлөр берилип, милиция тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат жеткирилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















