super.kg logo

Боомдогу кылмышка шектүүлөр Токтогулда хиджабдарды алууну күтүп жаткан жерде атышуу башталды

 

Бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “кылмышка шектүүлөрдүн биринин тууганы Токтогул шаарынын чыга бериш жерине хиджабдарды алып барышы керек эле” деп билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүүлөр ошол хиджабдарды кийип жашынууну пландашкан. Алар отурган Хонда Одиссейдин айдоочусу кийимдерди алыш үчүн Заур Магомедовдун тууганы менен жолугууга кеткен. Ошол учурда күч органдары багынуу талабын коюшканда, алар каршылык көрсөтүп, аткылап башташкан. Эки тараптуу атышуунун натыйжасында кылмышка шектүүлөр каза табышты.

Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда саат 18:00 чамасында алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.






Боомдо ГАИшниктерди аткылаган эки кылмышка шектүүлөрдү Токтогулда өлтүргөн боюнча видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(38)
Медиа-портал
11.02.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
туура кылышты
Медиа-портал
11.02.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
En tuura kylyshyptyr
Медиа-портал
11.02.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
буга окшогон акмактарды ушундай кылып жок кылыш керек
Медиа-портал
11.02.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менимче кылмышкерлер эч кандай каршылык корсотконго улгургон эмес.
Медиа-портал
11.02.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ойлогон экен каалаганды атып каалаган машинесин тартып алып. Иттерге ит олум. Туура кылат атып салганы,жардырып эле ийсе жакшы болмок жердида булгабай жок болуп кетмек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: