super.kg logo

Бишкек. АКШнын авиациялык базасынын кызматкери мас абалында жаш бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынды

 

8-март күнү Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын кызматкери Макрэй Брендэн Корнелиус мас абалында Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, америкалык жаран Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бийкечке тийишип, зордуктоого аракет кылган. Андан соң ал жыныстык кызмат үчүн селкиге акча каражатын сунуштаган. Б.Жамыйла макул болбой, такси кармап, качууга аракет кылганда Брендэн Корнелиус ошол таксиге отура калган. Бийкеч айдоочудан милицияга алып барууну суранган. Такси кызматынын айдоочусу аларды Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиционерлерди чакырган. Ошол учурда америкалык жаран эки милиция кызматкери менен мушташа кетип, погондорун жулуп салган.

АКШнын жараны Брендэн Корнелиус суракка алынганда, ал 2014-жылдын 8-мартында “Бруклин” кафесинде эс алып, мас болуп калганын айтып берген. Мындан тышкары ал 1985-жылкы экени белгилүү болгон.

“Бул факты боюнча “Коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүү менен байланышкан бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Брендэн Корнелиус убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Камакка алуу боюнча “Манас” авиациялык базасынын башкармалыгы жана АКШнын элчилиги кабардар болушту. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган берене боюнча кылмышкер 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(41)
10.03.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камаш керек аны да бошотуп ийбей.
10.03.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми эркинен ажыратса экен, или бул жердеда акчанын кучу ойнойбу?
10.03.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыгынып еле камаса жакшы.акчага алданбай
10.03.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba.kq8705 - 5 күнгө БАНга!
Сайтта адепсиз, уят, кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
10.03.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тузугуроок жазасын беришсин "бул жигиттин гулунун"
10.03.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийлик окулдору бул нерсени да аягына чыгара албашына баарынын козу жетип турат. Бул акмак да акча берип кутулуп кетет, дагы эле бейчара кыз менен токмок жеген милиция кызматкерлери кала берет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: