super.kg logo

Ырчы Эмил Балтагулов “Сен билбечи” ырына Америкада клип тарттырды

 

Ырчы Эмил Балтагулов үстүбүздөгү жылдын февраль айында АКШда өткөрүлгөн куттуу ай Мавлид-Ан-Наби жана Нооруз майрамына катышууга барып, ал жерде ыйман ырларын аткарган эле. Эмил ал жактан жөн кайтпай, бир ок менен эки коёнду атып, “Сен билбечи” ырына Сан-Франциско, Розуэлл, Сакраменто шаарларынан клип тарттыра келиптир. Клип 3 күндө тартылып, толугу менен бир жарым айда даяр болгон. Бул тууралуу ырчы, бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына билдирди. 

“Ырдын сөзү-обону өзүмдүкү. Клипке Америкада жашаган мекендештер тартылды. Кыскача мазмунуна токтолсом, бир жигит кызды жактырып калат. Бирок аны жакшы тааныбагандыгы үчүн сезимин ачыктагысы келбейт. Анткен менен гүлдесте белек кылып жүрүп, анын жолдошу бар экенин билет... 

Клип тартуу учурунда көптөгөн кызыктарга туш болдук. Америкалык кыздар ушунчалык шайыр экен, сюжетти тартып жатсак, камерага “hello” деп кыйкырып чыга калып, тоскоолдуктарды жаратышты. Мындан тышкары кыздын күйөөсүнүн ролун аткарган жигит образды ача албай кыйналды. Анткени ал кыздын кайниси болчу да. 

Өкүнгөнүм, Америкага концерттик костюмдарымдан көбүрөөк алып албаптырмын. Клипте кийимдеримди азыраак алмаштырып калдым”,- дейт ырчы жаңы клиби тууралуу.






Эмил Балтагулов "Сен билбечи"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(39)
Медиа-портал
28.04.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмушкооо
Ураааа я первая)))
Медиа-портал
28.04.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы клип экен
Медиа-портал
28.04.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун!ийгилик Эмил аке.
Медиа-портал
28.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшыы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: