super.kg logo

"Жаңы толкун-2014": Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу эки конкурстук күндүн жыйынтыгы боюнча 10-орунду ээледи

 
24-июлдан 25-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын экинчи күнүндө катышуучулар өз өлкөсүнүн хит ырларын аткарышты. Сынактын биринчи күнүнүн көрсөткүчүнүн жыйынтыгы жана экинчи күндүн жыйынтыгы кошулуп, Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 127 упай менен 10-орунда келе жатат.
Белгилей кетсек, катышуучулардын таланттарына Игорь Крутой баш болгон калыстар тобу баа беришүүдө. Алардын катарында Леонид Агутин, Лайма Вайкуле, Филипп Киркоров, Игорь Николаев, Валерий Меладзе жана Константин Меладзе бар. Катышуучуларга калыстардын ар бири максималдуу 11 упай бере алышат. 
Ал эми 151 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе 1-орунун сактап калды. 2-орунга 150 упайдан алган украиналык ырчылар Виктория Петрик менен Вячеслав Рыбиков ээ болушса, Орусиянын атынан катышып жаткан Юлия Плаксина 145 упай алып, алдынкы үчилтикке кире алды. 
Кыргызстандын намысын коргоп жаткан "Style Mix" триосу тогузунчу болуп сахнага чыгышты. "Style Mix" триосунан кийинки орунда Германиянын намысын коргогон Гледис Дамарис да 126 упай менен келе жатат. Конкурстун үчүнчү күнүндө катышуучулар 26-июлдан 27-июлга караган түнү жаңы чыгарылган ырларды аткарышат. Мекендештерибиздин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. 
22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда.





Жаңы толкун-2014: Кыргызстандан "Style Mix" тобу (25.07.14)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(34)
25.07.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
акыркыдан экинчи деп эле койсонуздар
25.07.2014. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
10-орунда келе жатат десе мен алардан кийин да кыйласы бар окшойт деп кубаныпмын
26.07.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibo, мен да )))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: