Кудайберген Базарбаев: “Мигранттар чет өлкөдө эмгектенип, мекенине келгенде иштебей коюшууда”
“Кыргызстандык мигранттар чет өлкөдө тынбай эмгектенип, мекенине келгенде иштебей коюшууда”,- деди бүгүн, 7-августта КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев.
“Алар чет өлкөдө күнү-түнү эмгектенип, ата-энелерине жана балдарына акча каражат жөнөтүшөт. Бирок мекенине келгенде кандайдыр бир шылтоо таап иштебей, достору менен эс алып жүрө беришет. Бул миграциянын терс жагы. Эгер алар мекенинде чет өлкөдөгүдөй эмгектенишсе, Кыргызстан оңолуп кетмек. Ошондуктан ийгиликке жетишкен мигранттар мекендештерине эмгектенүүнү сүйүүгө үйрөтүшү керек”,- деди Базарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Биринчиден, туруктуу иштеген иши бар мигранттар Кыргызстанга иштейбиз деп келбейт, отпуск алып эс алганы, туугандарынан кабар алганы, той топурга, жакшылык жаманчылык иштерге катышканы, дарыланганы келишет.
Экинчиден, кайсы жумушта иштебейт деп жатасыз, урматтуу министр! 5-6 мин сомгобу, азыр 10мин сом айлык берем десениз да иштешпейт, себеби алар Москвада Сизден да коп айлык алышат. Эмгекти суйууну ошолордон уйронунуз!!!