Айтмамат Кадырбаев: "Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу зарылчылыгы жок эле"

Кечээ, 20-августта эмгек ардагерлери менен өткөн жолугушууда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев: «Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу зарылчылыгы жок эле»,- деди.
Анын айтымында, эски көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрсө, ал дагы бир нече жыл элге кызмат кылмак.
“Эстакадалык көпүрөнүн курулушу элдин жашоосун кыйындатты жана жолдун жабылышы автоунаа тыгынын пайда кылды. Ошентсе да башталган иш бүтөт. Азыр көпүрөнүн курулушунун биринчи этабы аяктоо алдында турат. Ага 16 миллион сом сарпталды. Мурда аны бүткөрүүнүн жалпы суммасы 595 миллион сомго бааланса, биз аны кыскартып, 450 миллион сом деп карадык”,- деди Кадырбаев.
Мындан сырткары калаа башчы эстакадалык көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз башталганын жолугушууда белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-2

Кимдир бирөөнү кемсинтип,анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Уйдо олтуруп алып айтабересинерда.
Эгер Оштун озунун бюджетин 3 айлык эле бюджетин копурого сарптаса за просто бутот. Оштун бюджети чоон. Просто левый правый жактарга кетип калып жатпайбы.
Мырзакматов 595 млн го сапатту кылып курмак а силерчи уялбай 470 млн го кыскарттык дейсиңер, калганын чөнтөкө урдуңарда.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.