Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишти
Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишти. Маалыматты 27-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя бүгүн саат 10:00 чамасында болгон. Кылмышкерлер Ош-Үрүмчү багыты боюнча учууга даярданып жатышкан жүргүнчүлөр отурган бөлмөгө курал менен кирип барышкан.
Маалыматка таянсак, бөлмөгө 5 адам кирип келген, айрымдарынын колунда болжол менен Калашников автоматы болгон. Төртөө "спецназ" деген жазуусу бар, кара түстүү формачан болушкан. Кара көз айнек тагынгандары, бирөөсүнүн колунда видеокамера болгону кабарланды.
"Бөлмөгө кирип келгендердин бирөө "Спецоперация
жүрүп жатат, баарыңар жаткыла!" деп буйрук берген. Бардык жарандарды курал
менен коркутуп, жерге жаткырышкан соң, болжол менен 3-4 акча салынган
баштыкты көтөрүп кетишкен. "Ошол акчанын
ээси болушу мүмкүн" делинген бир жарандын колдорун скотч менен
байлап, өздөрү менен кошо алып кетишкен. Алар Тойота Эстима үлгүсүндөгү автомашина
менен изин жашырышкан. Унаанын номери - D0118. Бирок бул номер жасалма болушу мүмкүн.
Учурда
жарандарга келтирилген чыгым, акчанын суммасы, болжолдуу акчанын
ээсинин кайда экендигин аныктоо жана кылмышкерлерди кармоо боюнча
аймактагы күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ыкчам аракеттери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
3

Комментарийлер(36)
tolkun85

27.12.2014. 15:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
охраналар жок бекен vip залында
doni89

27.12.2014. 15:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыкго кандай кирип барат ал жака темболе курл алып кирген охрана видео камералар жокбу же аерапорт ушунчалык эле кароосуз калганбы??? Бул жерде башка иш бар алар курал алып кире албаш керек.
balykchy2012

27.12.2014. 15:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фильмдегидей болуптурго.
kg.sity93

27.12.2014. 15:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа.кино го озунчо эле.боевик кинону элестеттим.
kg.sity93

27.12.2014. 15:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштун аерапортуна соз жок.охрана болсо да качып кетсе керек.отургучтарын кордунор беле кандай.чет олкодон канча киши келет.ошондой маданияттуу жерлерди ондоп коюшпайбы..уяласын.эххх
1 | 2 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.