super.kg logo

"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлобоптурмун" дейт катуу сабалган баланын атасы Назар Түлибеков

 

"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлогон эмесмин",- деди бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына "катуу сабалып, зордукталган" делген 2 жаштагы баланын атасы Назар Түлибеков.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарына комментарий жана маек берүүдөн баш тартып келген ата биздин окурмандарга өзүнүн оюн билдирди: 

"Уулума байланыштуу окуя азыр өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында талкууланып жатат. Мен өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Уулумдун мындай абалга жеткенине бир гана адам күнөөлүү, ал менмин. Өзүм курулушта иштейм, баламды жалгыз карай албай, тууганыма жардам сурап кайрылгам. Алар каршы болушкан жок, өткөн жылдын ноябрь айынан бери колунан келишинче каралашып келишти. Башында уулума күнүгө келип турчумун, кийин келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам “Көп келбей эле койчу, баланын жүрөгүн оорутпай. Андан көрө телефон менен байланышып тур, балаң куса болуп ооруп калып жатат” деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны 1,5 ай мурун көргөм. Анан телефон аркылуу ал-абалын билип турчумун". 

Анын айтымында, 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агасы телефон чалган. Ал "тезинен кел, уулуң ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деп айткан. 

"Мен жаман оюм жок эле, сасык тумоо болуп, денеси ысып жаткан го деп ойлоптурмун. Үйгө киргенимде эле уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм түшүп калды. Анын бетинин баары тытылып, канжалап туруптур. Кырылдап араң дем алып жатыптыр. Сураштыра баштасам, аны тепкичтен кулап кеткен дешти. Мен өзүмдү жоготуп койдум, себеби андайды көрөм деп күткөн эмесмин. Шашкалактап уулумду кийинткиче анын денесиндеги жарааттарды көрүп, жинди болуп кете жаздадым. Кийинтип жатып башын караганымда ал башы менен урулганын байкадым. Анын абалы аябай эле оор болчу. Уулумду унаа менен ооруканага алып келдик, ал тиешелүү медициналык кароодон кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды",- дейт Н.Түлибеков.

Анын айтымына караганда, бала ооруканага түшөрү менен милиция кызматкерлери да келишкен. Түнү менен Н.Түлибеков жана анын агасы, аялы суракта болушкан.

"Мен суракта отурганымда жаныбыздагы бөлмөдө жеңем да суракка алынды. Мен отурган бөлмөгө жеңемдин айткандарынын баары угулуп жатты. Ал "Бала ичи катып, дааратканага бара албай кыйналчу. Анан мен манжаларым менен чукуп заңын чыгарчумун. Ага клизма да жасачумун. Кээде тарбиялык максатта уруп, урушуп койчубуз" деди. Бул жерде неге баламдын ичи катканын, ал кыйналып жүргөнүн айтпаганына түшүнбөй жатам. Зээнди кейиткени, мени суракка алганда мага "балаң эси ооп жолдо келатканда зордуктадың" деп акылга сыйбаган нерселерди моюнга илейин дешти. Менин балам өлүм менен жашоонун ортосунда турса, мага ушундай жагымсыз нерселерди айтып, телефонумдан туугандарыма ар кандай СМС жиберип жатышты. Бул жерде эптеп кылмыштын бетин ачып, жаап коюу эмес, чындыкты сыртка чыгаруу зарыл",- дейт жабырланган наристенин атасы.     

"Баланын өз энеси кайсы жакта? Бул кылмышка шектелип жаткан агаңыз менен жеңеңиз чындыгында эле ушундай кылмышка бара алышат беле?" деген суроого төмөнкүдөй жооп алдым: 

"Уулумду 2 айлык кезинен бери өзүм карап келгем. Аны өз энеси 2 айлык кезинде мага берген. Башка маалымат булактары буга чейин жазгандай, ал Орусияда эмес, Кыргызстанда эле. Анын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Убагында бири-бирибизди жакшы билбей баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Эки ажырым жолго түшкөнүбүздө анын 3 айлык боюнда бар экенин билдик. Көз жарып, ал уулумду карап жүргөндө ага акчалай колдоо көрсөтүп, баланын атасы катары өз милдетимди аткарып жаттым. Уулум төрөлгөндө ал аны 2 ай эмизип, карап берди. Кийин экинчи жубайым каралашып жүрдү, тагдыр экен, мында да жолум болгон жок. Жалгыз бой ата болуп калганымда, ноябрь айларында уулумду агам каралашканга алган. Агам менен жеңем баламды уруп жүрүшү мүмкүн, бирок аны зордуктаган деген нерсе акылыма сыйбай жатат. "Кантип?" деген суроо жанымды койбойт... Иликтөө иштери аягына чыга элек, дагы көрө жатарбыз. Учурда мен үчүн эң маанилүүсү - уулумдун сакайып кетиши, менин жалгыз байлыгым да, бакытым да ошол. Мен эми аны эч кимге бербейм, мындан ары мен аны күттүрбөйм дагы... Өзүм 11 бир тууганмын, азыр уулумдун дары-дармегин берип, кезектешип анын жанында болуп жатабыз".

Жакынкы убакыт аралыгында бул окуяга чекит коюлары анык. Ал эми ооруканада жаткан баланын эртерээк сакайып, бактылуу балалык күндөрүн башынан өткөрсүн дейбиз.   

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(46)
16.01.2015. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да адамдар болобу? Кичинекей Ибрагим сакайып кетишине тилектешмин. Эми тиги агасы женесине соз жок.
16.01.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне дээринди да билбейсин.Жыргаганынан кышында курулута иштебееди да ,айла жоктон бироонун колуна калтырууга туура келсе керек.Бирок жок дегенде баланын оз апасына берсе болмок экен.Кандай окунуштуу.
16.01.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Клизманы ошончо жазаса ХХХ аял го.
ХХХ ХХХ керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-19 13:30:17
19.01.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shpionka, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, провокацияга тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү! Оозеки эскертүү!
16.01.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакайып кетсин.неси болсода
16.01.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оз алдынча дем алып калды десе кубанычтан ыйлап отурам ылайым агыйып
кетсе экен бактылуу кундорду корсо экен мындан ары.
16.01.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата болгонунду урайын деп жаттым эле,башын окуп жатканда,анын устуно дааватка да кетиптир деп атпады беле кээ бир ммк,акыркы айтканы чын болсо кечиримдуу,жашоонун айынан таштаган тура,зоокур женесинде го кептин баары-((((!чириши керек мындай ХХХ ХХ
Модератор admin_media түзөттү 16.01.2015 21:21
16.01.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай колдоп айыгып кетсин
16.01.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнегедир муунум бошоп , шолоктоп ыйлап алдым. 2- жылдан бери балдарымды корбогонумобу? Билбейм, жаман болуп кеттим.
Ии кичинекей жакшы болуп кетсинчи, ылайым. Баланызды озунуз эле каранызчы....
16.01.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nariste...12, Сиз эле дейсизби?Ибрагим баарыбыздын уулубуз болуп калды.Суротон кичинекей колу-буттарын коргондо кучактап буркурап ыйлагын келет.2 ай азапта кантип жашады экен,ыйласа сооротор,аяр адамы жок.
16.01.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Женесин камаш керек.
16.01.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыгып кетсинчи байкуш,акмак женесинин колу сынсын!
16.01.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтасыз. Эч ким эне менен баланы ажыратпасынчы...
16.01.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял эне, аял мээримдуу. Бул аял кандай жан? 2 жашаар баланы ушундай денгээлге жеткирсе манкурт экен!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: